Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:03

Казакстан: Масимовдун дагы бир орун басары кармалды


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Алматыдагы имараты.
Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Алматыдагы имараты.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин жетекчисинин мурдагы орун басары Марат Осипов кармалып, камакка алынды. Анын бөгөт чарасын сот 23-февралда карап, чечим кабыл алганын аталган комитет кабарлады. Осиповго кандай айып тагылып жатканы белгисиз.

Ал Улуттук коопсуздук комитетин Карим Масимов башкарып турган учурда анын орун басары болгон. Масимов өзү жана дагы башка эки орун басары Ануар Садыкулов менен Даулет Ергожин да камакта.

Алар январдын башындагы тополоңдон кийин эле кызматтан алынган. Бийликти күч менен басып алууга аракет кылган, мамлекеттик чыккынчылык жана ыйгарым укуктарынан аша чапкан деген айыптар тагылган. Иштин өзү жашыруун иликтенүүдө.

Масимовдун дагы бир орун басары, экс-президент Нурсултан Назарбаевдин агасынын иниси Самат Абиш да кызматтан алынган. Ага эч кандай айып тагылган эмес.

Масимовдун жана анын үч орун басарынын кармалышы, бир орун басарынын иштен алынышы жана Нурсултан Назарбаевдин бир нече туугандарынын кызматтан кетиши мурдагы президент менен азыркы президент Касым-Жомарт Токаевдин ортосунда тиреш бар деген сөз чыгарган. Казакстандын батыш тарабында башталган нааразылыктар өлкөнүн башка аймактарына да жайылып, соңунда кан төгүүгө алып келген.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Расмий маалыматка караганда, кандуу окуяларда жалпы 227 адам өлгөн. Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымын өз алдынча тактап жатышат. (ErN)

XS
SM
MD
LG