Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Энелер өлүмү көбөйгөндүктөн төрт башкы дарыгер иштен алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 24-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында былтыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу энелер өлүмү көбөйгөнүн билдирди. Мындан улам өткөн аптада мекеменин жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясында төрт башкы дарыгер иштен алынып, дагы он башкы дарыгерге сөгүш берилгенин маалымдады.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун Калкты жайгаштыруу Фонду Кыргызстанда энелердин өлүмү көбөйүп жатканын билдирген. Анда мурда энелердин өлүмүнүн көрсөткүчү 100 000 аялга 24 болсо, учурда 36, алтургай 40ка жетип жатканы айтылган.

Саламаттык сактоо министрлиги өткөн айда Кыргызстанда соңку 15 жылда ымыркайлардын өлүмү 40% кыскарганын маалымдаган. Расмий статистикага ылайык өлкөдө бир жылда 2000ге жакын ымыркай төрөлгөндөн кийин бир айга жетпей чарчап калат. Ал эми 1400дөн ашуун ымыркай өлүү төрөлөт.

Эне менен баланын саламаттыгын коргоо максатында Кыргызстанда 2018-жылдан бери жашыруун перинаталдык аудит киргизилген. Жапон өкмөтү каржылаган бул долбоор ЮНИСЕФтин колдоосу менен ишке ашырылууда.

Перинаталдык аудит –бардык деңгээлдеги перинаталдык жардамдын сапатына системалуу талдоо жасаган, ымыркайлар арасында өлүмдүн жана өлүү төрөлүүлөрдүн себебин, ошондой эле аларга кандай факторлор түрткү болорун жана алдын алуу жолдорун талдаган көрсөткүч.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG