Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:06

Жогорку Кеңеште Украинадагы кыргыз жарандары тууралуу маселе көтөрүлдү


Украинадагы соңку кырдаалдан улам жолдордо машиналардын узун тыгыны пайда болду.
Украинадагы соңку кырдаалдан улам жолдордо машиналардын узун тыгыны пайда болду.

Жогорку Кеңештин 24-февралдагы жыйынында депутат Айбек Маткеримов Украинада жүргөн кыргызстандыктар Киевдеги элчилик менен байланыша албай жатканын, өлкөдөн чыгып кетүүгө жардам сураганын айтып чыкты. Эл өкүлү буга байланыштуу мекендештердин кайрылуулары көбөйгөнүн билдирип, Министрлер кабинетин жагдайга көңүл буруп, чара көрүүгө чакырды.

Өзүн Турдубек деп тааныштырган Киевдеги кыргызстандыктардын бири элчилик менен байланыша албай жатканын ырастады. Ал ушул тушта үй-бүлөсү менен шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып жатканын, бирок машиналардын тыгынына туш болуп калганын айтып берди.

Кыргызстандын Киевдеги консулу Эрмек Каныбеков "Азаттыкка" комментарий берип жатып, бул өлкөдөгү ар бир кыргызстандык менен телефондон кабарлашып жатышканын Украинадагы соңку жагдай тууралуу маалымат берилгенин айтты.

Расмий маалыматка ылайык, Украинада жүргөн 680 кыргызстандык консулдук каттоодон өткөн. Бул өлкөдөгү кыргыз жарандарынын жалпы саны 1350дөн ашат. Соңку кырдаалдан улам сыртка убактылуу чыгып кеткендер дагы бар.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялады. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады.

"Мен Украинадагы бардык жарандарды үйлөрүндө болууга чакырам. Армия иштеп жатат. Биз иштеп жатабыз. Дүрбөлөңгө түшпөгүлө. Биз күчтүүбүз, биз баарына даярбыз. Биз жеңебиз. Украинага даңк!" - деди Зеленский.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, атышуу тууралуу маалыматтар тарап жатат.

Орусия Одессага аскерлерин киргизгени тууралуу кабар азырынча расмий ырастала элек.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды.

"Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 51-беренесине ылайык, Федералдык Кеңештин санкциясы менен мен атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алдым. Биз Украинаны демилитаризация жана денацификация кылганга аракет кылабыз. Ошондой эле жайкын тургундарга, алардын ичинде Орусиянын жарандарына каршы бир топ кандуу кылмыштарды жасагандарды сот жообуна тартабыз", - деди Путин.

Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.

Федералдык Кеңеш 22-февралда орус президентине армияны өлкөнүн сыртында колдонууга уруксат берген.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG