Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Депутат Икрамов ЕАЭКдеги Кыргызстандын өкүлдөрүн сындады


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн автоунаалар. 23-февраль. 2022-жыл
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында кезек күткөн автоунаалар. 23-февраль. 2022-жыл

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Евразия экономикалык комиссиясында (ЕАЭК) Кыргызстандын атынан отурган министрлер өлкө кызыкчылыгында маселе көтөрбөй жатканын айтып, аларды Жогорку Кеңешке чакырып кызмат ордун кароону сунуштады. Икрамов ЕАЭБдеги көйгөй катары кыргыз-казак чек арасындагы жүк ташуучу машинелердин тыгынын атады.

“Жүздөй машине чек арадан өтө албай турат. 200 миңден 300 миңге чейин айлык алып, бир маселени көтөргөнгө жарабаган адамдарды чакырып, жумуш ордун карайлы. Ишти билген адамдарды жөнөтөлү. Март айында ушуну карайлы”, - деди депутат.

23-февралда Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Муктарбек Мамбетакунов чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жоюла электигин билдирген. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу жүк ташуучу машинелер көбөйүп тыгын пайда болгон. Мамбетакунов 23-февралда саат 12:00гө карата эки жүзгө жакын машине турганын билдирген.

Евразия экономикалык комиссиясынын кеңсеси Москвада жайгашкан. Мурдагы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова ЕАЭКтин департамент директору болуп былтыр октябрда дайындалган. Темирбек Асанбеков (биримдиктеги транспорт, инфраструктура жана энергетика маселелерин карайт) менен Максат Мамытканов (уюмдагы бажы маселелерин тейлейт) былтыр июлда Кыргызстандын атынан бул комиссияга министр болуп дайындалышкан.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Кез-кезде Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлар болуп келет.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG