Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

COVID-19: эки бейтап каза болуп, оору дагы 25 адамдан аныкталды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кыргызстанда 25-февралга карата коронавирус жуктуруп алгандардын расмий саны 200 миң 427ге жетти, оорудан 2952 адам көз жумду. Ушул тушта ооруканаларда 200дөй адам жатат жана алардын теңине жакыны оор абалда. Үйлөрүндө 900дөн ашык адам дарыланууда.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, ал эми толук эмделгендердин саны бир миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден ашык адамга сайылды.

Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG