Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:14

ТИМ Украинадан кыргыз жарандарын алып кетүү аракети жүрүп жатканын билдирди


Киев шаары.
Киев шаары.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Украинада аба каттамдары токтогондуктан ал аймактагы кыргыз жарандарын эвакуациялоо аракети жүрүп жатканын маалымдады. Учурда Кыргызстандын Украинадагы элчилигине мекенине кайтууну каалаган 300 кыргызстандык кайрылган.

Тышкы саясат мекемесинин маалыматында, Украинада ушул тапта 1357 кыргыз жараны бар, алардын 680и консулдук каттоодон өткөн. ТИМ учурда негизги максат кыргыз жарандарынын коопсуздугун камсыз кылуу экенин белгилейт.

Кыргызстандын Украинадагы элчилигинин байланыш номурлары:

+380997573413,

+380442370346,

+380442370348

Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын номурлары:

+996 551 312 000

+996 703 428 865

+996 709 983 465

+996 554 065 215

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG