Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:20

Киевде көп кабаттуу үйгө ракета тийди


Ракета тийген үй.
Ракета тийген үй.

Украинанын баш калаасы Киевдеги Лобановский проспектинде жайгашкан көп кабаттуу үйгө ракета тийгенин "Азаттыктын" украин кызматы жазды. Маалыматты Украинанын Өзгөчө кырдаалдар кызматы жана шаар башчысы Виталий Кличко билдирген.

Мэр Кличконун айтымында, куткаруучулар окуя болгон жерге баратышат. Үйдө жашаган адамдар эвакуацияланууда.

Орусиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда. Москва Украинанын “демилитаризациясын” талап кылып, бул өлкө НАТОго мүчө болбошу керек экенин билдирип жатат.

Украин бийлиги кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек. Киев 25-февраль, саат 15:00гө карата үч миңдей орус аскери жок кылынганын маалымдады. Москва муну ырастай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG