Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

Зеленский Түркия менен Азербайжандын сунушун кубаттады


Украинанын президенти Владимир Зеленский.
Украинанын президенти Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Азербайжан менен Түркиянын ортомчу болуу сунушун кубаттады. Зеленскийдин айтымында, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Азербайжандын лидери Ильхам Алиев Москва менен Украинанын ортосунда ортомчу болуп, сүйлөшүү уюштуруп берүүнү сунушташкан.

Ушул эле күнү «Франц-пресс» агенттиги өз булактарына таянып жазганына караганда, Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышголу телефондон орусиялык кызматташы Сергей Лавров менен сүйлөшүп, согушту токтотууга чакырган.

Анкара Орусиянын Украинага жасаган чабуулун «кабыл алынгыс» деп атап, буга чейин эле Москва менен Киев ортосунда ортомчу болууга даяр экенин билдирип келген.

Орусия 24-февралда Украинага чабуул жасап, басып кирди. Үч күндөн бери орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоосун жана бомбалоосун улантууда.

Украинанын cаламаттык сактоо министри Виктор Ляшко “Фейсбуктагы” баракчасына Орусиянын аскердик кол салуусунан 198 украиналык каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Ага чейин украин бийлиги 137 аскери курман болгонун маалымдаган. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери тууралуу эч кандай маалымат бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG