Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Шайлоо: үгүт маалындагы бир арыздан улам кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу 27-февралда брифингде Борбордук шайлоо комииссиясынын (БШК) төрайымынын орун басары Нурлан Койчукеев билдирди. Анын маалымдашынча, Бишкектеги бир мандаттуу эки шайлоо округунда үгүт маалында жалпысынан 38 араз-даттануу түшкөн. Бир фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, дагы үч арыз териштирилип жатат. Укук коргоо органдары кылмыштын курамы болбогонунан улам 11 арызды кароодон баш тарткан. Калгандарына эскертүү берилип, айып пул чегерилди.

Бишкектин №27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында 27-февралда кайра добуш башталды. Бул эки округдан жалпы 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышууда.

Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG