Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:59

Бишкектин эки округунда шайлоочулардын 15,39% добуш берди


Бул эки округда былтыркы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.
Бул эки округда былтыркы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаарындагы бир мандаттуу эки шайлоо округунда саат 16.00го карата добуш бергендер тууралуу маалымат жарыялады. Ага ылайык, жалпысынан 33 812 адам (15,39%) добуш берүүгө келди.

Шайлоочулар Свердлов округунда активдүү болууда, тактап айтканда 21 202 адам (19.90%) добуш берди. Биринчи май окуругундагы добушканаларга 12 610 (11.15%) шайлоочу келди.

Азырынча добуш берүүнүн жыйынтыгына таасир эткен олуттуу мыйзам бузуулар тууралуу маалымдала элек.

№27 Биринчи май жана №29 Свердлов шайлоо округдарында бүгүн, 27-февралда кайра добуш берүү өтүп жатат. Бул эки округдан 50 талапкер (Биринчи май округунан 25, Свердлов округунан 25) ат салышууда.

Аталган эки округда былтыркы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Жогорку Кеңеш 90 депутаттан турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG