Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Орусиянын улуттук валютасы болуп көрбөгөндөй күчүн жоготту


Санкт-Петербургдагы банктын алдында чет элдик валюта алуу үчүн кезекке тургандар. 28-февраль, 2022-жыл.
Санкт-Петербургдагы банктын алдында чет элдик валюта алуу үчүн кезекке тургандар. 28-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын улуттук валютасы – рублдин чет элдик валюталарга карата катышы тарыхый максимумга чыкты.

28-февралда Москвадагы банктарда 1 АКШ доллары 100-110 рублдин тегерегинде, 1 евро 115-120 рублдин айланасында сатылып жатат. Орусия Украинага кол салганга чейин 1 доллар 80 рублге чейин, евро 90 рублге чейин бааланчу.

Акча алмаштыруучу жайларда иш жүзүндө чет элдик валюталар мындан да кымбат сатылууда. Онлайн акча алмаштыруу курстары мындан да жогору көрсөтүлүүдө.

Бир катар басылмалар Орусиядагы банктарда чет элдик валюта алуу мүмкүн эмес болуп жатканын, көпчүлүк жерлерде накталай рубль алуу да татаал болуп жатканын жазышууда. Айрым банктардын алдында кезек узарды.

Валюталык рыноктогу олку-солкулукту алдын алуу үчүн Орусиянын Борбордук банкы өзүнүн эсептик ченин 9 пайыздан 20% чейин көтөрдү. Бул коммерциялык банктардын насыяларынын үстөк пайызын көтөрүүгө негиз болот жана рублдун түшүүсүн алдын алып калат деп күтүлүүдө.

Рублдин кунунун качышына Европа Биримдигинин Орусиянын Борбордук банкынын эл аралык резервдерине бөгөт койгону негиз болуп жатат. Бул Борбордук банк рублди туруктуу кармоо үчүн долларды же еврону рынокко сатыкка чыгара албай калат дегенди түшүндүрөт. Евробиримдик мындай санкцияны орус аскерлеринин Украинага кол салуусуна байланыштуу кабыл алды.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG