Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:03

Беларуста орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды


Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү. Гомел, Беларус. 28-февраль, 2022-жыл.
Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү. Гомел, Беларус. 28-февраль, 2022-жыл.

Беларустун Гомел облусунда шаарында Украина менен Орусиянын делегацияларынын сүйлөшүүсү башталды. Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей тараптарды чогуу олтурууга чакырып, алардын коопсуздугуна Александр Лукашенко жеке өзү кепилдик берерин айтты. Эки тараптын үстөлдө олтурган сүрөттөрү жана видеолору жарыяланды.

Украиналык делегациянын курамында “Эл кызматчысы” фракциясынын төрагасы Давид Арахамия, коргоо министри Алексей Резников, украин президентинин кеңешчиси Михаил Подоляк, тышкы иштер министринин орун басары Николай Точицкий, Украинанын парламентинин депутаты, крымдык Рустем Умеров жана үч тараптуу байланыш тобунун өкүлү Андрей Костин бар.

Орусиялык делегацияда президент Владимир Путиндин жардамчысы Владимир Мединский, Орусиянын Беларустагы элчиси Борис Грызлов, депутат Леонид Слуцкий, тышкы иштер министринин орун басары Андрей Руденко жана коргоо министринин орун басары Александр Фомин барган.

Мунун алдында Украинанын президентинин кеңсеси Орусиянын өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн Киев жөнөткөн расмий делегация Украина менен Беларустун чек арасына барганын жазган. Гомел шаары украин-беларус чек арасына жакын жайгашкан.

Тараптар Орусия Украинага кол салгандан бери сүйлөшүүгө бара албай келишкен. Украин президенти Владимир Зеленский сүйлөшүү тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путинге бир нече жолу сунуш айткан. Москва макул болгондон кийин тараптар жолугушуу өтчү жер боюнча мунаса таппай келишти. Соңунда Киев орус тарап алардын багынып беришкенин талап кылганын, мындай шартта сүйлөшүү мүмкүн эместигин айтып, кездешүүдөн баш тарткан. Бул арада атышуулар уланып жатты.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирди. Беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң чоң чабуулдар Киевде жасалды.

Украиналык маалымат каражаттары Орусиянын аскердик кол салуусунан 352 украиналык жайкын тургун каза болгонун, алардын үчөө жаш балдар экенин жазды. Окуянын алгачкы күнү Киев 137 аскери курман болгонун маалымдаган, кийинкилери азырынча белгисиз.

Киев салгылашта 5 миңдей орус аскери өлгөнүн билдирип жатат. Орусия өлгөн же жараат алган аскерлери бар экенин моюнуна алганы менен алардын санын айта элек. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG