Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында президент Садыр Жапаров жана Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен мамилеси тууралуу суроого жооп берди. Анын айтымында, президент менен 2020-жылдагы парламенттик шайлоодон кийин таанышкан.
"Мен Садыр Нургожоевич жана Камчыбек Кыдыршаевич менен сый мамиледемин. Мен Бишкекте вице-мэр болуп турганда Камчыбек Ташиев менен бирге иштегем. Садыр Жапаров менен жаңы тааныштым. Мен "Мекенчил" партиясы менен парламенттик шайлоого катышканымды билесиңер".
Абдыкадыровдун айтымында, ал ээлик кылган “Нур Строй Монтаж" курулуш компаниясы ишине таасирин тийгизбейт. Ал мыйзамга ылайык, бизнестен толук кеткенин билдирди.
Эмилбек Абдыкадыров 2002-2005-жылдары Бишкек шаарында вице-мэр болуп иштеген.
Абдыкадыров ишкер катары белгилүү. Ал “Нур Строй Монтаж”, “ЭлитТауэрс” деген эки курулуш компаниясынын, “Кереге проект”, “Алма”, “Сары-Таш”, “Ат-Башы Кыргыз-Кытай эркин соода аймагы” ишканаларынын ээси.