Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

Кызыл-Жардагы оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды


Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукана.
Кызыл-Жардагы психиатриялык оорукана.

Башкы прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасындагы Республикалык психиатриялык оорукананын башкы дарыгери кызматтан алынды. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, аталган оорукананын жетекчиси Г.М. адам өлтүрүүгө айыпталган акыл-эси жайында айыпкерге карата соттук-психиатриялык экспертизаларды өткөрүү менен сот органдарына мыйзамсыз сунушту берген факты аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Башкы прокуратура саламаттык сактоо министрине аталган оорукананын башкы дарыгери Г.М. кызматтан алуу сунушун берген.

Жалал-Абад облусунун Кызыл-Жар шаарчасында республикалык психиатриялык оорукана жайгашкан.1961-жылы негизделип, сегиз бөлүмдөн турат. Анын №8 бөлүмүндө оор кылмыш кылгандардын психикалык абалы текшерилип, кароодон өткөрүү жана дарылоо үчүн жаткырылат. Эки кабат бөлүм өзүнчө жайгашып, тегереги тикен зым менен курчалган. Аны ИИМдин атайын кызматы кайтарууга алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG