Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:56

Кыргызстандыктар Украинада жабыркагандарга каражат чогултууда


Украина-Польша чек арасы. Украиналык качкындар. 1-март, 2022-жыл.
Украина-Польша чек арасы. Украиналык качкындар. 1-март, 2022-жыл.

Кыргызстандыктар Украинадагы согушта жабыркагандар үчүн гуманитардык жардам чогулта баштады. Уюштуруучулардын бири Айбек Турдалиевдин айтымында, кайдыгер эмес жарандар тобу акчалай жардам топтоп жатат. Каалоочулар төмөнкү реквизиттер аркылуу көмөк көрсөтсө болот:

MBank - 0550948888;

Элсом - 0550948888;

Оптима банк - 4169585343177191.

Демилгечи топ Украинанын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери менен да иштешүүдө. "Телеграмда" "Жаша, Украина!" деген канал ачылган.

Айбек Турдалиевдин белгилешинче, Украинанын Улуттук банкы эки эсеп ачкан. Анын бири гуманитардык, экинчиси аскердик жардам үчүн. Кыргызстандык демилгечи топ чогулткан акча гуманитардык эсепке жөнөтүлөт.

Буга чейин Бишкекте жана Ошто Орусиянын Украинадагы агрессиясын токтотууга чакырган акциялар уюштурулган.

  • Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирген.
  • Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский 24-февралда өлкөгө аскердик режим киргизилгенин жарыялаган. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объекттерине чабуул жасаганы үчүн айыптаган.
  • 2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

БУУга мүчө өлкөлөр Орусиянын Украинага чабуулун айыптаган резолюцияны 2-мартта жактырды. Жыйынга катышкан 193 мамлекеттин өкүлдөрүнүн 141и аны колдоду. Ал эми Кыргызстан добуш берүүдөн карманган 30дан ашуун өлкөнүн катарында.

XS
SM
MD
LG