Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Румынияда истребителди издеген тик учак кулап, жети адам каза болду


Румыниянын аскердик тик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.
Румыниянын аскердик тик учактары. Иллюстрациялык сүрөт.

Румыниянын чыгышында 2-мартта жоголуп кеткен истребителди издеген тик учак кулап, жети киши каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коргонуу министрлиги 3-мартта кабарлады.

Чек аралаш аба мейкиндигинде чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан МиГ-21 истребители диспетчердик түйүн менен байланышын кечки саат 20:00 чамасы жоготуп жиберген. Аны издегени чыккан IAR 330-Puma тик учагы Гура Добруги районунда белгисиз жагдайда кулап түшкөн. Кийин тик учактын калдыктары жана борттогу адамдардын сөөктөрү табылды. Экипаждын жети мүчөсү тең каза болду.

Истребител табыла элек. Министрлик аскердик учак аба ырайы бузулгандан улам кырсыкка кабылган болушу мүмкүндүгүн божомолдоп жатат.

Өлкөнүн расмийлери бул эки окуяны Орусиянын Украинага чабуулу менен байланыштыруудан карманышууда. Румыния Украина менен чектешет жана башка өлкөлөр сыяктуу эле соңку согушта украин качкындарын кабыл алып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG