Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:03

Армениянын парламенти өлкөнүн бешинчи президентин шайлады


 Ваагн Хачатрян.
Ваагн Хачатрян.

Армениянын парламенти 3-мартта саясатчы Ваагн Хачатрянды жаңы президент кылып шайлады. Ал экинчи турда 71 депутаттын добушун алды.

Хачатрянды башкаруучу "Жарандык келишим" фракциясы жалгыз талапкер катары сунуштаган. Биринчи турда оппозиция добуш берүүдөн баш тартып койгон. Анда талапкер 69 гана добуш алып калган.

“Азаттыктын” армян кызматы жазгандай, оппозициялык "Айастан" жана "Намысым бар" фракциялары “процессти легитимдештиргиси келбегендиктен” өз талапкерлерин алып чыгышпаганын жана талкууга катышпаганын билдиришкен.

Армениянын төртүнчү президенти Армен Саркисян быйыл 23-январда күтүүсүздөн кызматтан кеткен. Ал бул аракетин кризис учурунда саясатка таасир этүү үчүн президенттик кызматка берилген ыйгарым-укуктар жетишсиз экени менен түшүндүргөн.

Армениянын Конституциясында көргөзүлгөндөй, ал парламенттик өлкө. Президенттин ыйгарым-укуктары чектелген. Өлкөдөгү негизги маселелерди парламент шайлаган премьер-министр чечет.

Армения менен Азербайжандын ортосундагы 2020-жылкы урушта армян тарап Тоолуу Карабак аймагында жана айланасында бир нече райондордон кол жууп калган. Саркисян тиешелүү сүйлөшүүлөргө катышпай калганына, армия кол башчыларынын кызматтан алынышына нааразылыгын билдирген. Ал премьер-министр Никол Пашинянды жетиштүү аракеттерди көрө албады деп айыптаган.

Бешинчи президент Ваагн Хачатряндын кесиби экономист. Мурда Армениянын борбору Еревандын мэри, президенттин кеңешчиси болгон. Ортодо парламентке депутат болуп шайланып, 2021-жылдан ушул күнгө чейин жогорку технологиялык өндүрүш министри болуп иштеп келаткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG