Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

НАТО учактарын жана аскерлерин Украинага жөнөтпөй турганын билдирди


АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 4-март, 2022-жыл. Брюссел, Бельгия.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен менен НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг. 4-март, 2022-жыл. Брюссел, Бельгия.

НАТО уюмуна мүчө өлкөлөр аскер күчтөрүн жана учактарын Украинага жөнөтпөйт. Бул тууралуу уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг 4-мартта Брюсселде уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин олтурумунан кийин билдирди.

Ал уюм Орусия менен согушууга умтулбай турганын айтып, эгер НАТО Украинадагы конфликтке түздөн-түз аралашса анда мындай согуштун тобокелчилиги жараларын белгиледи.

Столтенберг НАТО Орусияны Украинанын аймагынан аскерлерин тез арада чыгарып кетүүгө жана сүйлөшүүлөрдү баштоого үндөй турганын, эгер Москва жаңжалдын украин чек арасынан чыгарса уюм өзүн коргой турганын кошумчалады.

Йенс Столтенберг Украинанын үстүндө учуусуз зона киргизүү маселеси Киев менен талкуулаганын ырастап, эгер ал кирсе, орусиялык учактарды жана ракеталарды атып түшүрүүгө туура келерин кошумчалады.

“Андай шартта кайра эле НАТО менен Орусиянын ортосунда согуш чыгаруу коркунучу күчөйт”, - деп айтты уюмдун баш катчысы.

Украинага баштаган согуштук аракеттеринин алдында Орусиянын президенти Владимир Путин “эгер башка мамлекеттер бул жаңжалга аралашса, өтө катуу жооп алышарын” эскерткен. Муну көпчүлүк Батыш өлкөлөрү муну атомдук бомба менен коркутуу катары кабыл алышкан. Учурда НАТОго мүчө мамлекеттер Киевге куралдануу жана каржылык жактан гана көмөк беришүүдө.

НАТО (Түндүк атлантикалык аскердик уюм) 1949-жылы АКШны жана Европаны СССРдин таасиринен коргоо үчүн түзүлгөн. Алгач 12 мамлекет кирген, учурда АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30 мамлекет мүчөлүк кылат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG