Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Кыргызстандын тышкы иштер министри 5-мартта Москвага барат


Казакбаев менен Лавровдун буга чейинки жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.
Казакбаев менен Лавровдун буга чейинки жолугушууларынын биринде тартылган сүрөт.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 5-мартта Москвага барып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат.

Бул визит орус тараптын чакыруусуна ылайык, Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулуп жатканы 4-мартта расмий кабарланды.

“Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, эл аралык уюмдардын жана интеграциялык бирикмелердин алкагында ар тараптуу кызматташуу талкууланат. Визиттин жыйынтыгында эки өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин биргелешкен билдирүүсүнө жана Тышкы иштер министрлигинин ортосундагы 2022-2024-жылдардагы кызматташтык программасына кол коюу пландалууда”,- деп айтылат Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги тараткан маалыматта.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG