Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Зеленский: эгер Украина туруштук бере албаса, Европа да кулайт


Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин түз кайрылуусу 4-марттын кечинде Европанын ондогон шаарларында жана Грузияда көрсөтүлдү.

Ал Франкфурт, Париж, Братислава, Вильнюс, Прага жана Тбилисинин башкы аянттарына Украинага колдоо көрсөтүү үчүн чыккан түмөндөгөн адамдарга кайрылып:

-Биздин эркиндикти колдогула, анткени бул жеңиш. Бир гана орус аскерлерин эмес, бул жарык караңгыны, жакшылык зулумдукту жеңет дегенди билдирет. Эгер Украина туруштук бере албаса, бүтүндөй Европа кулайт. Эгер биз жеңсек, бул демократиянын, эркиндиктин жеңиши болот,-деди Зеленский.

Митингге чыккандар украин желектерин көтөрүп, согушка каршы, баскынчылыкка каршы ураандарды чакырып жатышты.

4-мартта орус аскерлери Украинадагы карапайым тургундар жашаган райондорду аткылоону улантышты. Бул күнү орус күчтөрү Запорожье атомдук электростанциясын басып алышты.

Киевдин жака белиндеги Мархаловка айылына жасалган орус авиациясынын соккусунан төрт киши, анын ичинде бир баланын өмүрү кыйылды. Бир нече адам жаракат алды.

Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгы билдиргендей, 3-мартка карата 1000дей украиналык каза болгон. Расмий Киев өлгөндөрдүн саны алда канча көп экенин ырастап жатат.

Ал эми Москва жайкын тургундарды аткылаганын четке кагып, «атайын операциянын» башкы максаты кошуна мамлекетти куралсыздандыруу экенин билдирип келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG