Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Украинадагы кан төгүүнү иликтөө үчүн комиссия түзөт


Киев облусунун Ирпин шаарын аткылоонун кесепети. 2-март, 2022-жыл.
Киев облусунун Ирпин шаарын аткылоонун кесепети. 2-март, 2022-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча кеңеши Орусиянын Украинадагы аскерий операциялары учурундагы кан төгүүнү айыптаган жана аларды иликтөө үчүн иликтөө комиссиясын түзгөн резолюцияны чечкиндүү түрдө колдоп добуш берди.

4-марттагы добуш берүүдө кеңештин 32 мүчөсү "макул", 13ү "калыс" болду. Орусия менен Эритрея гана каршы добуш берди.

Кеңештин Твиттердеги баракчасына "Адам укуктары боюнча кеңеш Орусиянын Украинадагы агрессиясын иликтөө боюнча көз карандысыз эл аралык комиссияны тез арада түзүүнү чечти", - деген билдирүү жарыяланды.

Добуш берүү алдында Украинанын БУУдагы элчиси Евгения Филипенко кеңешти “Орусиянын кылмыштарын документтештирүү, иликтөө жана күнөөлүүлөрдү аныктоо аркылуу жоопкерчиликти камсыз кылуу боюнча жалпы милдетти” унутпоого чакырды.

Орусия Украинага негизсиз басып кирүүдө карапайым калкты атайылап бутага алуу сыяктуу адам укуктарын бузууга жол бергенин четке какты.

Маалыматтарга караганда, Орусия Укринага басып кирген 24-февралдан 4-март аралыгында жүздөгөн адам өлүп, 1 млн. 200 миңден ашуун адам бозгун болду.

XS
SM
MD
LG