Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:49

Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча сунуштады


Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 2021-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров. 2021-жыл.

Бишкек орус-украин кризисине байланыштуу сүйлөшүүлөргө аянтча түзүп берүүгө жана тынчтык орнотуу үчүн зарыл чараларды уюштурууга даяр. Бул тууралуу 5-мартта Москвада Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев билдирди.

Орусия дагы, Украина дагы жаңжалдын курмандыгы болуп жатканын белгилеген министр тараптарды тынчтык орнотууга чакырды. Буга чейин Беларустун аймагында эки тараптын сүйлөшүүлөрү башталганын Бишкек кубаттай турганын айтты.

Казакбаев орус тараптын чакыруусу менен 5-мартта Орусияга барды. Расмий кабарга ылайык, жолугушуу Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда дипломатиялык алака орнотулганынын 30 жылдыгына карата уюштурулду.

Казакбаев орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушуп, жыйынтыгында Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы 2022-2024-жылдардагы кызматташтык программасына кол коюлду. Соңунда эки министрдин журналисттерге пресс конференциясы түз эфирде көрсөтүлдү.

Бул визит дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү Москванын Украинага карата агрессиясын сындап турган учурга туш келди. Орус аскерлери 24-февралда Украинага басып киргенден бери өлкөнүн бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Жүздөгөн адамдар курман болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG