Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:34

Кичи футбол: "Келечек" турнирин "Дарыгер" командасы жеңди


"Журналисттер" командасы. 5-март, Бишкек
"Журналисттер" командасы. 5-март, Бишкек

Кичи футбол боюнча “Келечек” жаштар турниринде “Дарыгер” командасы финалда “Журналисттер” командасын 2:1 эсебинде жеңип алды.

5-мартта Бишкектеги "Газпром" дене-тарбия жана ден соолукту чыңдоочу борборунда өткөн мелдешке 25тен 35 жашка чейинки курактагы мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, журналисттер, дарыгерлер, мугалимдер, ишкерлер, блогерлер жана өнөр адамдарынан куралган сегиз команда катышты.

3-орунга “Өнөр” командасы ээ болду. Алар коло байге үчүн беттеште “Мамлекеттик кызматкер” командасын 3:2 эсебинде утушту.

“Мамлекеттик кызматкер” командасынын курамында үч министр, мамлекеттик мекемелердин үч директору ойноду.

Мелдешти уюштурган Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына караганда, турнир мындан ары үч ай сайын Кыргызстандын аймактарында өткөрүлүп турат. Кийинки турнир Ош шаарында болот. (ECh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG