Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:13

Зеленский орус аскерлери үчүнчү АЭСке жакындашканын билдирди


Укркаинанын президенти Владимир Зеленский. 5-март, 2022-жыл.
Укркаинанын президенти Владимир Зеленский. 5-март, 2022-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кошмо Штаттардын мыйзам чыгаруучуларына жасаган кайрылуусунда орус аскерлери эки атомдук станцияны басып алышканын, эми үчүнчүсүн өз карамагына алганы турушканын билдирди.

Ал Николаев облусундагы атомдук станцияны орус аскерлери басып алуу коркунучунда экенин айтты.

Буга чейин орус армиясы Европадагы эң чоң деп саналган Запорожье АЭСин басып алган.

Зеленский ошондой эле Европанын чыгышындагы мамлекеттер учак менен Украинага каралашса жакшы болорун баса белгиледи.

Ал эми америкалык мыйзам чыгаруучулар видео байланышта Украинага 10 миллиард долларга бааланган гуманитардык жана аскердик жардам даярдалып жатканын билдиришти.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG