Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:49

Жогорку Кеңеште өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал талкууланып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште бүгүн 10-мартта өлкөдөгү азыркы социалдык-экономикалык абал талкууланып жатат. Парламенттин жыйынына экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Министр Орусияга карата киргизилген санкциялардын кыйыр таасири Кыргызстанга да тийип жатканын, каатчылыкка каршы атайын план иштелип чыгып, валюта рыногун жөнгө салуу жана баалардын өсүшүн көзөмөлдөө чаралары каралып жатканын айтты.

Амангелдиевдин билдиришинче, кырдаалды жөнгө салуу үчүн 5,5 миллиард сом бөлүү каралууда.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков баалардын жогорулоосу негиздүү көрүнүш экенин айтты:

“Монополияга каршы орган базардагы ар бир товарга кирише бербейт. Өзүнүн эрежеси бар. Ал жерде ишкерлер иштейт. Биз баалар кескин көтөрүлгөндө гана киришебиз. Биздин максат – баанын жасалма, негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө. А бүгүнкү кырдаал негиздүү”.

24-февралда Орусия Украинада согуш баштагандан бери экономикалык санкцияларга кабылды. Доллар эки апта ичинде дээрлик 20 сомго кымбаттады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG