Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:55

Харрис: Орусия “акылга сыйбаган масштабда кыргын салып жатат”


Камала Харрис жана Анжей Дуда. Варшава. 10-март, 2022-жыл
Камала Харрис жана Анжей Дуда. Варшава. 10-март, 2022-жыл

АКШнын вице-президенти Камала Харрис Орусия Украинада “акылга сыйбаган масштабдагы кыргын салып жатат” деп айыптады. Москванын баскынчылыгына байланышкан согуш кылмыштарын эл аралык деңгээлде иликтөөгө чакырды.

10-мартта Варшавадагы сапары учурунда Харрис курчоодо калган Мариуполь шаарында орус аскерлеринин төрөтканага сокку урганы катуу кыжырдануу жаратканын айтты.

“Сөзсүз иликтөө жүрүшү керек, барыбыз байкоо салууга тийишпиз. Дүйнө Орусиянын агрессиясын жана мыкаачылыгын көз жаздымда калтырбайт”, - деп билдирди вице-президент.

Украиналык миллиондой качкынды кабыл алган Польшанын лидери Анжей Дуда Харристин пикирине кошуларын, “Орусия Украинада согуш кылмыштарын жасап жатканы айдан-ачык экенин” айтты.

“Кош бойлуу аялдар, балдар курман болууда. Бейкүнөө адамдарды өлтүрсөңөр, эл жашаган жерлерге бомба таштап, аткыласаңар, муну тукум куруттун белгилери бар варварчылык деп атаса болот, - деди Дуда.

Украинанын расмий маалыматына ылайык, 9-марттагы соккудан төрөткана менен балдар ооруканасынын таш-талканы чыгып, бери дегенде үч киши, арасында ымыркай кыз каза тапты. Жарадар болгон 17 кишинин катарында дарыгерлер бар.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусияны согуш кылмышы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG