Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:47

Сокулукта төлөм терминалдарын уурдап жүргөн балдар кармалды


Чүй облустук милициясы тараткан сүрөт.
Чүй облустук милициясы тараткан сүрөт.

Сокулук районунда төлөм терминалдарын уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Февраль айында Сокулук райондук милициясына эки жаран азык-түлүк саткан дүкөндөрүнө белгисиз адамдар кирип, акча жана төлөмдөрдү кабыл алуучу терминалдарды уурдап кеткенин билдирген.

Биринчи факты боюнча 4 миң сом жана ичинде 44 миң сомдон ашык акча каражаты бар териминал, экинчи факты боюнча 29 миң сом жана жалпы баасы 1 миллион сомдук терминал уурдалганы аныкталган.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө уурулукка шек саналып 2001-жылы туулган С.Э. жана 1999-жылы туулган Т.Ч. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG