Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:02

Украина: Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан кеминде тогуз адам каза болду


Яворов шаарындагы полигон ракеталык аткылоодон кийин. 2022-жылдын 13-марты.
Яворов шаарындагы полигон ракеталык аткылоодон кийин. 2022-жылдын 13-марты.

Украинанын батышындагы Яворов шаарында Орусиянын ракеталык аткылоосунан тогуз адам каза болду. Бул тууралуу 13-мартта Львов облустук администрациясы билдирди. Дагы 57 адам жараат алганы кабарланды.

Жергиликтүү бийлик билдиргендей, шаардагы аскердик полигонго жалпысынан 30 ракета атылды. Буга чейин сегиз ракета түшкөнү айтылып жаткан.

Украинанын Польша менен чек ара тилкесинен 25 чакырым аралыкта, 360 чарчы чакырым аянтта жайгашкан бул полигондо украин аскерлери НАТО менен биргеликте машыгуу өткөрүп турчу.

Мындан тышкары, өлкөнүн батышындагы Ивано-Франковска шаарчасындагы аэропортко да чабуул коюлганы маалым болду.

12-мартта кезектеги видеокайрылуусунда украин президенти Владимир Зеленский Орусия Украинага басып кирген үч апта ичинде кээ бир шаарлар тыптыйпыл болуп, жок кылынганын, өлкөдөн 2,5 миллион адам качып чыгууга мажбур болгонун, курчоодо калган айрым аймактарда адамдар тузакта отурганын айтты.

Ошол эле күнү Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөр мазмундуу боло баштаганын чет өлкөлүк журналисттер үчүн курган пресс-конференцияда айтты.

Согушту токтотуу боюнча түрдүү деңгээлде сүйлөшүүлөр жүрүүдө, бирок майнап чыга элек.

Эки тараптан тең жоготуулар миңдеп саналарын көз каранды эмес байкоочулар айтууда.

Орусия беш жүздөй аскеринен ажыраганын 2-мартта билдирген, ошондон бери расмий маалымат жаңылына элек.

Украина 1300 аскери курман болгонун 12-мартта расмий жарыялады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG