Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Украинанын прокуратурасы: орус армиясынын огунан 90 бала чарчады


Орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн украиналык балдардын сүрөтү. Вашингтондогу Ак үйдүн жанындагы акция, 5-март, 2022-жыл.
Орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн украиналык балдардын сүрөтү. Вашингтондогу Ак үйдүн жанындагы акция, 5-март, 2022-жыл.

Башкы прокуратура 14-мартта таңга маал Орусиянын куралдуу кол салуусунун кесепетинен 90 бала каза таап, 100дөн ашууну жарадар болгонун билдирди.

Маалыматка ылайык, балдардын өлүмү Киев, Харьков, Донецк, Чернигов, Сумы, Херсон, Николаев жана Житомир облустарында көп катталган.

«Кечээ эле Николаев облусунда жарандык турак жайларды аткылоонун натыйжасында эки бала чарчап, дагы экөө жарадар болгон. Жардыруу жана аткылоодон 379 билим берүү мекемеси жабыркап, анын 59у толугу менен талкаланган. Кыйроонун көбү Донецк облусунда - 119 билим берүү мекемеси. Николаевде – 30, Сумыда – 28, Киевде – 35, Херсондо – 21, борбордо – 24», — деп жазылган Украинанын Башкы прокуратурасы 14-мартта тараткан маалыматта.

Орусиянын аскер күчтөрүнүн тынымсыз артиллериялык аткылоолору, аба соккулары жана айыгышкан салгылаштар жүрүп жаткан жана убактылуу оккупацияланган аймактардагы жарандык калктын арасындагы адам курмандыктарын, анын ичинде балдардын өлүмүн аныктап, текшерүү мүмкүнчүлүгү жоктугун эске алуу менен Башкы прокуратура берилген сандар акыркы эмес экенин белгилейт.

12-мартта жарыяланган маалыматка ылайык, Украинанын укук коргоо органдары орус аскерлеринин Украинадагы согуш кылмыштары боюнча 1700дөн ашуун ишти иликтеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG