Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:16

Мариуполдогу төрөт үйүндө жаракат алгандардын бири каза болду


Украинанын Мариупол шаарындагы ракета атылган төрөткана.
Украинанын Мариупол шаарындагы ракета атылган төрөткана.

Мариуполдо төрөт үйүнө урулган аба соккусунан жаракат алган кош бойлуу аялдардын бири курсагындагы баласы менен кошо каза болду. Жаш келиндин өлүмү тууралуу алгач "Америка абазы" радиосунун журналисти Ася Долина Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Мариупол шаарындагы №3-балдар ооруканасына жана төрөт үйүнө урулган соккуларынын кесепеттери тартылган видео жана фотолордо чагылдырылган кош бойлуу келин көз жумду. Ал эми анын курсагындагы баласы дагы тирүү калган эмес",- деп жазды Ася Долина.

Бул маалыматты кош бойлуу келинди сүрөткө алган фотограф Евгений Малолетка, ошондой эле жергиликтүү хирург Тимур Маринге шилтеме жасап Associated Press агенттиги да ырастады.

Агенттиктин маалыматына караганда, төрөт үйүн аткылоодон кийин кош бойлуу келин башка ооруканага жеткирилген. Хирург Тимур Марин агенттикке анын жамбаш сөөгү чачырап, сан эттери үзүлүп кеткенин айткан. Дарыгерлер аны кесарево жолу менен төрөткөн. Бирок баласында жашоонун белгилери болгон эмес. Андан кийин дарыгерлер жарым саат бою аялды жандандыруу бөлүмүндө анын өмүрүн сактап калууга аракеттенген.

Мариуполдогу төрөт үйүн аткылоо учурунда дагы бир аял, жергиликтүү топ-модел жана интернет блоггери Марианна Подгурская 10-март күнү кечинде кыз төрөгөнү белгилүү болду. Ал төрөтканадагы аба соккусунан чоң жаракат алган эмес.

Мурдараак маалымдалгандай, Мариуполдогу балдар ооруканасына жана ага катарлаш жайгашкан төрөт үйүнө ракета атылып, андан жеринде үч адам, анын ичинде бир бала каза болгон. Мындан сырткары 17 киши жараат алды. Украина бул ракеталык аткылоону согуш эрежелерине сыйбаган көрүнүш катары орус тарапты кескин айыптады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 10-мартта Мариуполдогу төрөт үйү аткыланганын ырастап, бирок анда төрөтүн күткөндөр эмес, "Азов" батальонунун бөлүктөрү жайгашканын айтып, ал жерде бейтаптар жана медициналык кызматкерлер жок болгонун билдирген.

Ал эми ошол эле кезде Орусиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Мариуполдогу балдар ооруканасы менен төрөт үйүнө кол салуу болгонун танып, аны Украинанын армиясы өзү аткылаган чагым болушу мүмкүн экенин айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG