Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:38

Днепр аэропорту ракеталык соккудан кыйрады


15-мартка түнү орто алыстыкка атылчу орусиялык ракеталык соккулардын натыйжасында Украинанын Днепр шаарынын эл аралык аэропорту олуттуу кыйроого учурады.

Бул тууралуу Днепропетровск облустук администрациясынын башчысы Валентин Резниченко билдирди.

"Учуп-конуу тилкеси талкаланды, терминал бузулду, чоң зыянды калыбына келтирүү үчүн көп убакыт керек", - деп жазды Резниченко өзүнүн Facebook баракчасына.

Днепрден шайланып келген Украинанын Жогорку Радасынын депутаты Максим Бужанский «бизде эми мындан ары аэропорт жок, талкалап салышты» деп билдирди.

Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.
Днепр аэропорту жарандык, анын ичинде эл аралык каттамдар үчүн колдонулуп келген.

Аны Украианын аскердик күчтөрү колдонгонбу же жокпу деген маалымат тактала элек.

Буга чейин Украинанын бир катар аэродромдоруна, анын ичинде Винницадагы аба майданына ракеталык соккулар урулуп, дээрлик бардыгы иштен чыккан.

Днепр шаары өзү Орусия "аскердик операция" жүргүзүп жаткан согуштук фронттун линиясынан бир топ алыс.

Ага карабастан Орусиянын аскер аба күчтөрү жакындан бери Украианын ар кайсы шаарларына абадан сокку уруп жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG