Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:49

Алматыда Орусияны сындаган эки жаран соттолду


Казакстанга киргизилген орус аскерлери. 7-январь, 2022-жыл.
Казакстанга киргизилген орус аскерлери. 7-январь, 2022-жыл.

Орусияны сындаган Алматынын эки тургунун беш жылдан эркинен ажыратуу тууралуу 14-мартта Алмалы райондук соту чечим чыгарды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы кабарлады.

Блогер Маргулан Боранбай менен жарандык активист Данат Намазбаев Орусиянын Украинага баскынчылыгын, орус бийлигинин саясатын сындап келишкен.

Соттун билдирүүсүндө «2018-жылдан бери соттолуучулар социалдык тармактардагы баракчаларында орус элинин улуттук ар-намысына шек келтирип, улуттук жана социалдык кастыкты козутууга чакырык таштаган» деп жазылган.

Мындан тышкары анда Маргулан Боранбай "мамлекеттик түзүлүштү өзгөртүүгө, бийликти күч менен басып алууга, кылмышкерлерди Казакстандан чыгарууга, конституциялык түзүлүштү күч менен өзгөртүүгө чакырганы Фейсбукта өзүн улуттун патриоту катары көрсөтүп, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча билдирүүлөрдү жарыялаганы жазылган. Данат Намазбаев "радикалдуу чараларды сунуштаганы" белгиленген.

Сот экөөнү тең «бийликти күч менен басып алууга же басып алууга чакырык жасоо» жана «улут аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты.

Блогер Боранбайга медиа каражаттарын пайдалануу менен коомдук-саясий иштерге катышууга үч жылга тыюу салынды.

Айыпталуучулар социалдык тармактарга пикирлерин жазганын моюнга алып, бирок аларга тагылган айыптоолорго макул эместигин билдиришти.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кире элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG