Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

АКШнын Чалгын кызматы: Украина менен согушта 7 миңдей орус аскери өлдү


Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын аскердик техникасы.
Украинанын аймагында талкаланган Орусиянын аскердик техникасы.

Орусия Украинанын аймагына басып киргенден бери 7 миңден ашуун орус аскери каза болду. Бул тууралуу америкалык New York Times басылмасы АКШнын Чалгын кызматына таянуу менен жазды.

Басылма Москва согушка жалпы 150 миңдей аскерин тартканын, каза болгондордон сырткары азыр 20 миңдей жоокери жаракат алганын маалымдады. Тиешелүү макалада бул маалыматтар спутниктен алынган кадрлардын негизинде чыгарылган болжолдуу сандар экени баяндалат.

АКШнын Коргоо министрлиги өлгөндөрдүн көптүгү орус аскерлеринин моралдык духуна таасир этип жатканын, себеби алар эмне үчүн согушуп, курман болуп жатышканын түшүнбөй турушканын кабарлайт.

Украинанын бийлиги салгылашуу башталгандан бери Орусия 14 миңдей аскерин жоготконун билдирүүдө. Мунун ичинде өлгөндөр, жаракат алгандар жана колго түшкөндөр кошо саналууда. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо украин тарап 18 миңдей аскерин жоготконун жарыялап жатат.

Москва өз жоготуусу тууралуу бир эле жолу, 2-мартта гана маалымат берген. Орусиянын Коргоо министрлиги анда 498 аскери өлгөнүн мойнуна алган. Украинанын президенти Владимир Зеленский ушул аптанын башындагы билдирүүсүндө 1300дөй украин жоокери өлгөнүн ырастаган. Согуштук аракеттер уланып жатканына байланыштуу жаңжалдашып жаткан тараптардын маалыматтары көз карандысыз булактар аркылуу тастыктала элек.

Орусиянын Украинага кол салуусу 24-февралда президент Владимир Путиндин буйругу менен башталган. Путин бул чечимин НАТО Украинанын Орусияга каршы пункт катары колдонгусу келип жатканы менен түшүндүргөн. Украина менен НАТО муну четке кагып келатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG