Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:11

Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия Путин баштаган саясатчыларга санкция салды


Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы акциялардын бири.
Орусиянын президенти Владимир Путинге каршы акциялардын бири.

Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы жаңы санкцияларды салды. Чектөөлөр Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган орус аткаминерлерди, олигархтарды, мамлекеттик карыз менен иштеген өкмөттүк мекемелер жана орусиялык банктарды камтыды.

Жапон Тышкы иштер министрлиги санкция 15тей адамга жана 9 уюмга киргенин маалымдады. Тизмеде кишилерден Орусиянын тышкы иштер, Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик Думанын жана башка мекемелердин өкүлдөрү, ишканалардан "Рособоронэкспорт", "Вертолеты России", “Объединенная авиастроительная корпорация” жана башкалар бар.

Австралия Орусиянын Каржы министрлиги менен Улуттук бакубаттуулук фондуна жана 11 банкка каршы санкция кабыл алды. Алардын ичинде "Сбербанк", "Газпромбанк", ВЭБ, ВТБ, "Россельхозбанк", "Совкомбанк", "Новикомбанк", "Альфа-банк" жана Москва Кредиттик банкы бар.

Жаңы Зеландиянын Орусияга каршы санкциялар пакетине президент Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу кирди. Мындан сырткары “кара тизмеге” ички иштер министри Владимир Колокольцев, Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) башчысы Александр Бортников, Федерациялык Кеңештин спикери Валентина Матвиенко, Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин, президенттик администрациянын жетекчиси Антон Вайно, Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев жана Тышкы чалгын кызматынын директору Сергей Нарышкин да түштү.

Жаңы Зеландиянын мындан сырткары дагы 364 саясий ишмер жана 19 ишкана кирди. Санкция боюнча алардын активдерди камакка алынат жана өлкөгө кирүүсүнө тыюу салынат.

Москванын Украинага кол салуусуна байланыштуу Орусияга каршы санкцияларды мурдараак АКШ, Канада, Улуу Британия, Австралия, Швейцария жана Евробиримдиктин өлкөлөрү киргизген. Анын ичинде Владимир Путинге санкция салынган. Иш жүзүндө бул орус президентине каршы салынган алгачкы санкциялар болуп жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG