Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:04

Германия Катар менен энергетикалык келишимге кол койду


Германиянын экономика министри Роберт Хабек менен Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани.
Германиянын экономика министри Роберт Хабек менен Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани.

Германия орус мунайынан көз карандылыкты жоюу үчүн Катар мамлекети менен узак мөөнөттүү энергетикалык келишимге кол койду. Бул тууралуу Катардын борбору Доха шаарына барган Германиянын экономика министри Роберт Хабек 20-мартта билдирди.

“Бул жылы Орусиянын газын дагы деле пайдаланып турушубуз мүмкүн. Бирок, келечекте андан толук баш тартабыз. Жаңы келишим мына ошонун башталышы”,-деди ал.

Келишимге Роберт Хабек менен Катардын эмири Тамим бин Хамад аль-Тани кол койду. Катар суюлтулган газды ири көлөмдө экспорттоочу болуп саналат жана газдын запасы боюнча Орусия менен Ирандан кийинки үчүнчү орунда турат.

Европадагы ири экономикага ээ болгон Германия көп жылдан бери Орусиядан газ жана башка энергетикалык отунду Орусиядан алып келген. Ошол себептүү Москва Украинага кол салганына карабай, Кремлге катаал санкцияларды сала алган эмес.

Германиянын канцлери Олаф Шольц АКШнын жана башка Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери менен биргеликте чечим таап, Германиянын энергоресурстарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн өзгөртүү аракеттерин баштады. Өткөн айда Орусиядан Германияга газ алып өткөн “Түндүк агым-2” газ куурун сертификациялоо тууралуу документти чакыртып аларын маалымдаган.

Орусия газды Европага Украинанын аймагындагы куурлар жана Балтика деңизинин түбүндөгү “Түндүк агым” куурлары аркылуу алып өтөт. Киевге болгон көз карандылыкты жоюу үчүн Москва деңиз түбүнө экинчи линия катары “Түндүк агым-2” долбоорун курду. Анын курулушу 2021-жылы сентябрда бүткөн, 2022-жылы ишке берилиши керек эле. Учурда анын сапатын текшерүү үчүн сертификациялоо иштери жүрүүдө.

Долбоор Европанын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирет жана Киевге басым кылууга жол ачат деген сынга кабылган. Москва мындай сындарды четке какса, Берлин долбоорго кызыкдар экенин билдирген. Украина Батыш өлкөлөрүнүн Москвага каршы санкцияларынын алкагында “Түндүк агым” куурларын толук токтотууну талап кылган.

Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу АКШ, Канада, Улуу Британия орус мунайынан жана көмүрүнөн баш тартты. Украина Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдү да ушундай аракетке барууга чакырууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG