Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Евробиримдик Орусияга жаңы санкцияларды караштырып жатат


"Орусиянын газын жана мунайын албагыла" деген плакатты кармап турган аял. Германиянын Бельгиядагы элчилигинин алдында Украинаны колдоо максатында өткөн акция. Брюссель, Бельгия. 11-март, 2022-жыл.
"Орусиянын газын жана мунайын албагыла" деген плакатты кармап турган аял. Германиянын Бельгиядагы элчилигинин алдында Украинаны колдоо максатында өткөн акция. Брюссель, Бельгия. 11-март, 2022-жыл.

Европа Биримдигинин мүчөлөрү – 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлери жана коргоо министрлери 21-мартта Брюсселде чогулду. Мекемеден кабарлашкандай, алар Орусиянын Украинага кол салганы үчүн Москвага жаңы санкцияларды салуу маселесин карап жатышат.

Буга чейин Reuters маалымат агенттиги Евробиримдик Орусиянын мунайына тыюу салууну мерчемдеп жатканын жазган. Айрым дипломаттар бул боюнча уюмга мүчө өлкөлөр бир пикирге келе албай жатканын билдиришти.

Министрлердин жолугушуусунан кийин Евробиримдикке жана НАТОго мүчө мамлекеттердин саммити, G7 уюмунун алкагында ушул аптада сүйлөшүү өтөрү белгилүү болгон.

Маалыматтарга ылайык, Польша менен Балтика өлкөлөрү санкцияларды катаалдатууну, анын ичинде Евробиримдикке Орусиянын мунайын жана газын импорттоону чектөөнү жакташууда. Орус отунуна көбүрөөк көз каранды болгон Германия жана башка өлкөлөр буга каршы болуп жатышат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков эгер Орусиянын мунайы менен газына эмбарго киргизсе, Европа өзү көбүрөөк жабыркай турганын, бул аталган континентте энергетикалык балансты бузарын маалымдаган.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский немис Бундестагында видео байланыш аркылуу кайрылуу жасап, "Орусиянын украин жергесине кол салуусунда жана миңдеген адамдын өлүмүндө Германиянын да жоопкерчилиги бар" деген. Ал Берлинди орус мунайын жана газын алып, Москванын куралдануусуна себепчи болуп жатканын айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG