Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

ФСБ Орусияда Meta компаниясына толук тыюу салууну талап кылды


Meta корпорациясы логотиби ага караштуу продукциялардын логотибинин фонунда.
Meta корпорациясы логотиби ага караштуу продукциялардын логотибинин фонунда.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ сотто Facebook, Instagram социалдык түйүндөрүнө жана WhatsApp мессенджерине ээлик кылган Meta корпорациясынын ишмердүүлүгүнө толук тыюу салууну талап кылды. ФСБ өкүлү мындай талапты Москванын Тверь райондук сотундагы отурумда билдирип, компаниянын ишмердүүлүгү Орусияга жана анын Куралдуу күчтөрүнө каршы багытталганын жүйө келтирди.

Прокуратура мурдараак Meta компаниясын "экстремисттик уюм" деп атап, америкалык компаниянын жабылышын соттук отурумда да жактаган. Алар Facebook менен Instagram түйүндөрүн өчүрүүнү сунуштап, маалымат таратуу эмес, байланыш каражаты болгону үчүн WhatsApp платформасына бул чектөөнүн тиешеси жок деген.

21-марттагы отурумда Meta компаниясынын өкүлү алардын юристтери даярданып алгыча соттук кароону жылдырып турууну суранды.

Facebook социалдык түйүнү Орусияда 4-марттан баштап чектөөгө алына баштаган. 14-марттан тартып Орусиянын бардык аймактарында Instagram тармагы жабылган.

Meta корпорациясына каршы соттук доолорго жана ага караштуу социалдык түйүндөрдү бөгөттөөгө анын контентиндеги эрежелер себеп болгон. Социалдык түйүндөрдө украиналык колдонуучуларга орусиялык аскерлерге зомбулук көрсөтүү жана каргап-шилөө тууралуу чакырыктарга уруксат берилген. Кийин компания русофобияга жана Орусиянын жарандарына жасалган дискриминацияга жол бербей турганын билдирип, жаңы эрежелер убактылуу экенин жана Украинанын аймагында гана мүмкүн экенин маалымдаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG