Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:50

Бишкек–Ош жолунда жүк ташуучу машинелердин өтүүсүнө кайра чектөө кирди


Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү.
Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тиешелүү.

Бишкек-Ош унаа жолунун Төө-Ашуу жана Ала-Бел ашууларында, "Сосновка" жана "Чычкан" постторунда оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилди.

Чектөө аба ырайы калыбына келгенге чейин болот. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларынын айланасындагы жолдордо кар күрткүсү байкалууда. Ашууларда жолду тазалоого керектүү техника тартылып, машинелердин коопсуз өтүүсү үчүн материал төгүлүүдө.

Мекеме айдоочуларды дөңгөлөк чынжырын алып жүрүүгө, каршы тилкеге чыкпоого (тыгын болгон учурда), атайын техниканын жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого, жайкы дөңгөлөк менен жүрбөөгө жана унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоого чакырат.

Синоптиктер Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаай турганын эскертүүдө. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG