Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

“Талибан” кыздардын мектепке келүүсүнө кайрадан тыюу салды


Ооганстандагы мектептерде билим алган кыздар. Архивдик кыздар.
Ооганстандагы мектептерде билим алган кыздар. Архивдик кыздар.

Ооганстанды иш жүзүндө башкарып жаткан “Талибан” кыймылы 23-мартта кыздар үчүн эшиги ачылган орто мектептерди бир нече сааттан кийин эле кайра жапты.

Талибдер түзгөн өкмөттөгү Билим берүү министрлиги өткөн аптада бардык окуучулар үчүн, анын ичинде кыздар үчүн мектептер 23-мартта ачыларын маалымдаган. Бир нече айдан бери жогорку класстарда окуган кыздар үчүн мектептер жабылган болчу.

22-мартта министрлик бардык окуучуларды сабакка келүүгө чакырган видео тараткан. Бир күндөн кийин мекеме кайрадан билдирүү таратып, мектептерди ислам дининин мыйзамдарына ылайык иштетүү планы иштелип чыкканга чейин жабылганын маалымдады. Бул эреже 6-класстан жогору кыздар окуган мектептерге тиешелүү. Буйрукту талибдердин расмий өкүлү Инамулла Самангани ырастады.

ЮНИСЕФ уюмунун Түштүк Азиядагы аймактык директору Жорж Ларьеа-Ажей “Талибандын” соңку чечими алардын көңүлүн калтырганын Твиттердеги баракчасына жазды.

“Мен бүгүн таңда Ооганстандагы ар бир кыз жана ар бир бала мектепке барууга мүмкүнчүлүк ачылды деп үмүттөнүп, уйкудан тургам. Эми 7-класстан 12-класска чейинки кыздар мектепке кайрадан бара албай калганына абдан кабатыр болуп жатам. Бул кыздар жана алардын келечеги үчүн абдан ийгиликсиз жаңылык болуп калды".

Качкындар иши боюнча Норвегиялык Кеңештин жетекчиси Ян Эгеланн да “Талибандын” бул чечимин кескин айыптап, аларды андан кайтууга чакырды. Ага чейин Human Rights Watch уюму талибдер кыздардын мектепке баруусуна уруксат береринен күмөн санап, билдирүү тараткан эле. Эл аралык коомчулук кыздардын билим алуусуна уруксат берилсе гана “Талибанды” таануу аракеттери жана Ооганстанга жардам берүү улантыларын билдирип жатат.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган) 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG