Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:59

Иран өзөктүк программа боюнча сүйлөшүү аяктап калганын маалымдады


Хусейн Амир Абдуллахиян Дамаскта. 23-март, 2022-жыл.
Хусейн Амир Абдуллахиян Дамаскта. 23-март, 2022-жыл.

Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Амир Абдуллахиян Тегерандын өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен болгон сүйлөшүү аягына чыгып калганын маалымдады.

“Эгер АКШ жөндүү аракеттерге барса, биз өзөктүк келишим боюнча биргелешкен комиссияга кирген тышкы иштер министрлери Венада чогулуп, макулдашуунун акыркы толуктоолорун кабыл алууга даярбыз”,-деди ал 23-мартта Дамасктагы сапарындагы басма сөз жыйында.

Жаңы келишим боюнча Венадагы сүйлөшүүлөр былтыр апрелде башталганы менен тараптар бир пикирге келе албай жатат. Өткөн айларда Батыш өлкөлөрү ал чечүүчү чекке келип калганын кабарлашкан. Тегеран санкцияларды жумшартуу шарты менен өзөктүк курал программасына чектөө киргизүүгө макул болду.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) макулдашууга жетишкен. Ага ылайык, Ислам жумурияты өзүнүн өзөктүк программасын чектеп, бул үчүн санкциялар акырындык менен алынмак.

2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. Тараптар Венада сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасын өткөрдү. (ErN)

XS
SM
MD
LG