Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:59

Кой-Таш окуясы боюнча сот жарым-жартылай ачык өтүүдө


Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.
Алмазбек Атамбаев жана Фарид Ниязов сот залында. 2020-жылдын 23-декабры.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Кой-Таш окуясы боюнча жараянды жарым-жартылай ачык карап жатат. Залдагы орундукка карап соттук отурумга катышууну каалагандар киргизилди.

Саясатчы Равшан Жээнбеков "Азаттыкка" билдиргендей, жараянды видеого тартууга уруксат берилген жок. Соттук отурумга президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов катышууда, мурдагы президент Алмазбек Атамбаев алынып келинген жок.

2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон.

Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаттары Асел Кодурановага, Ирина Карамушкинага да айып коюлган. Саясатчы Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, камакка алынган. 2020-жылы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда бошотулган, бирок "үй камагынын талаптарын бузду" деген негизде камалып, кийинчерээк кайра эркиндикке чыгарылды.

23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып койгондуктан, отурум 30-мартка калтырылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыгышкан.

Жаза аткаруу кызматы бул айтылгандарды төгүндөгөн.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин билдирген.

Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдарды ачык өткөрүү керектигин айткан.

XS
SM
MD
LG