Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:25

Талас: Өтмөк ашуусу толук ачылды


Талас облусундагы Өтмөк ашуусу
Талас облусундагы Өтмөк ашуусу

Талас облусундагы Өтмөк ашуусу толук ачылды. Учурда бардык автоунаалар өткөрүлүп жатканын 30-мартта "Азаттык" радиосуна Талас облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү максатында аткылоо иштери жүргөн, бирок көчкү түшкөн эмес.

Учурда каттам бардык автоунаалар үчүн ачык.

30-март күнү эртең менен жол боюндагы тоолордон кар көчкү атайлап түшүрүлүп жатканына байланыштуу Суусамыр - Талас - Тараз каттамынын Өтмөк ашуусундагы кыймылга убактылуу чектөө киргизилген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 29-марттан 2-апрелге чейин Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин билдирип, автоунаалар ортосундагы 500 метр аралыкты сактоого чакырууда. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG