Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Венгрияда парламенттик шайлоо өтүп жатат


Оппозициянын лидери Петер Марки-Зай (ортодо) жана анын партиялаштары. Будапешт. 2-апрель, 2022-жыл.
Оппозициянын лидери Петер Марки-Зай (ортодо) жана анын партиялаштары. Будапешт. 2-апрель, 2022-жыл.

Венгриядагы 3-апрелдеги добуш берүүдө эң негизги атаандашуу бийликте 12 жылдан бери турган өкмөт башчы Виктор Орбандын «Фидес» партиясы жана бириккен оппозициялык кыймылдын ортосунда болору күтүлүүдө.

Буга чейинки сурамжылоолор көрсөткөндөй, «Фидес» жана ага өнөктөш партиялар оппозициялык кыймылдан бир аз алдыда келатышат.

58 жаштагы Орбанды жеңүү үчүн бул жолу алты оппозициячыл партия бир коалицияга бирикти.

Чектеш Украинадагы окуялар шайлоо алдында эң негизги темага айланды. Орбан Киевди колдосо дагы «Венгрия согушка аралашпайт» деген жүйө менен кошуна мамлекетке курал-жарактан каралашуудан баш тартты.

Анын мындай чечими оппозициянын сынына кабылды.

«Бул жерде так суроо турат: Путин же Европа?», -деген оппозициянын лидери Петер Марки-Зай Орбанды Москва жана Бээжин менен тыгыз алакасы, демократиялык институттардын беделине шек келтиргени үчүн айыптап келет.

Сегиз миллион калкы бар мамлекеттеги шайлоонун жыйынтыгы 3-апрель кечке маал белгилүү болуп калат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG