Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:10

Кыргызстанда “Универсалдуу медайым” долбоору ишке кирди


Иллюстрация
Иллюстрация

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, Кыргызстандагы айрым ири ооруканаларда “универсалдуу медайым” долбоору иштеп жатат. Эми министрлик бул тажрыйбаны башка ооруканаларда да жайылтууну көздөгөнүн кабарлады.

Долбоордун алкагында бир медайым сегизден 15ке чейин бейтапты карап, аларга ийне сайып эле чектелбей, жалпы психологиялык абалын, саламаттыгын сурап, бейтаптын ден соолугундагы тобокел факторлорду аныктай алат.

“Универсалдуу медайымдар” азыр Бишкектеги Улуттук госпиталда, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникасында жана Бишкек шаардык №1 ооруканасында иштеп жатышат.

Долбоор USAIDдин “COVID-19 маалында саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү” программасынын колдоосу менен ишке ашууда. 90го жакын медицина кызматкери “универсалдуу медайым” катары иштеп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG