Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:43

Бийлик Кумтөрдөн 500 миллион доллар киреше алууну пландап жатат


Кумтөр
Кумтөр

2022-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенинен 500 миллион доллар киреше алууну пландоодо. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 4-апрелде кенге байланыштуу жасаган кайрылуусунда айтты.

"Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн. доллардын тегерегинде алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн. долларга чейин алабыз", - деди Жапаров.

Президент “Центерра” компаниясы менен Кыргызстандын ортосундагы талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлганын, Кумтөр толугу менен өлкө менчигине өткөнүн жарыялады.

Жапаров элге кайрылып жаткан кезде “Центерра” компаниясы да Кыргызстан менен түзүлгөн келишим тууралуу пресс-релизди жарыялады.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Андагы соттук териштирүүлөр азыр да уланууда. Бирок тараптар талашты тынчтык жолу менен да чечүүгө аракет кылып келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG