Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:49

Байден Орусиядан мунай импортоого тыюу салды


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШ президенти Жо Байден Украинага жасалган агрессияга байланыштуу Орусия менен Беларуска каршы кошумча санкцияларды киргизүү боюнча эки мыйзам долбооруна кол койду.

Алар Орусиянын энергетикалык продуктыларды импорттоого тыюу салган “Орусиянын мунай импортун токтотуу" жана “Орусия жана Беларус менен нормалдуу соода алакаларын токтотуу" мыйзамы экенин Ак үй маалымдады.

Мыйзам долбоорлорун АКШнын Конгресси бир күн мурун жактырган. Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки буга чейин санкциялар "президент колдоп жана үндөп келген чаралар" экенин айткан.

Орус аскерлеринин Украинанын Буча шаарындагы кыргыны ачыкка чыккандан кийин Байдендин администрациясы ушул аптада Орусиянын эң ири каржы институттарына жана орус жетекчилиги менен байланышы бар бир катар адамдарга каршы санкцияларды жарыялады.

Европа Биримдиги Орусиядан көмүр ташып келүүгө, ошондой эле Орусия менен Беларустун жүк ташуучулары тарабынан Евробиримдиктин аймагына жүк ташууга тыюу салган.

Санкциялык тизмеде Орусиянын президенти Владимир Путиндин кыздары Катерина Тихонова менен Мария Воронцова дагы бар.

Орус аскерлери Киевдин жанындагы Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремл орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG