Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:40

13 айылдык жана үч шаардык кеңештин депутаттарын шайлоо өтүүдө


Кыргызстандагы шайлоо. Архив.
Кыргызстандагы шайлоо. Архив.

Бүгүн, 10-апрелде Кыргызстандын айрым шаарларында жана айылдарында жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өтүп жатат.

Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Ош жана Чүй облустарынын 13 айылында жана Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланат.

Алар: Аксы районунун Кара-Жыгач, Сузак районунун Көк-Арт, Тоң районунун Кажы-Сай, Ак-Талаа районунун Тоголок Молдо, Ат-Башы районунун Казыбек, Араван районунун С. Юсупов, Кара-Суу районунун Ак-Таш, Төлөйкөн, Кемин районунун Жаңы-Алыш, Кара-Булак, Көк-Ойрок, Москва районунун Александровка, Сокулук районунун Сокулук айылдык кеңештери.

13 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны – 243, алардын ичинен 96 мандат аялдардын квотасы.

515 талапкер ат салышууда, алардын 170и аялдар.

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды добуш берүүгө катышууга жана жергиликтүү кеңешке өз өкүлдөрүн шайлоого, шайлоодо жарандык позициясын көрсөтүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG