Кыргызгирометтин маалыматына ылайык, 18-апрелде Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 10…15°, күндүз 26…31°;
Таласта түнкүсүн 6…14°, күндүз 24…29°;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнү 12…17°, күндүз 28…33°;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9°, күндүз 19…24°;
Нарындын облусунда түнкүсүн 3…8°, күндүз 20…25°;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7°, күндүз 4...9 градуска чейин жогору болот.
Бишкекте күн ачык, абанын табы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29° ысыйт.
Facebook шеринеси