Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 25-апрелде көпчүлүк аймактарда жамгыр жаайт, тоолорго кар түшөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда катуу жаан-чачын болот. Батыш тараптан жел согуп турат.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 13...18,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9...14, күндүз 20...25,
Ысык-Көл, Нарын дубандарында түнкүсүн 5...10, күндүз 14...19,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз -1...+4°.
Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 15…17°.