Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Орусиянын Белгород облусунда курал-жарак кампасы жарылды


Орусиянын Белгород облусундагы жарылуулардын бири.
Орусиянын Белгород облусундагы жарылуулардын бири.

Орусиянын Украина менен чектеш аймактагы Белгород облусунун Старая Нелидовка айылында жайгашкан курал-жарак кампасы өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык башчысы Сергей Потапов кабарлагандай, өрт өчүрүлгөн.

Мурдараак облус губернатору Вячеслав Гладков аталган айылда жарылуу болгонун билдирген. Интернетте асманга чыккан түтүндүн видеосу тарады.

27-апрелге караган түнү Орусиянын башка шаарлары Курскта жана Воронежде да жарылуулардын добуштары чыкканын жергиликтүү басылмалар жазышты. Бийлик өкүлдөрү Украина тараптан келген учкучсуз учактарды Орусиянын абадан коргонуу системалары аткылганын билдиришти. Жабыргандар тууралуу маалымат жок.

Москва Украинага кол салгандар бери Орусиянын бир нече чек аралаш аймактарында жарылуулар, аткылоолор болгонун билдирип, Киевди айыптап келет. Белгороддо 1-апрелде мунай базасы, 12-апрелде темир жол линиясы өрттөнгөн. 14-апрелде Брянск облусунун жетекчилиги жүздөй үй жабыр тартканын маалымдаган. 25-апрелде Брянск шаарында "Транснефть Брянск Дружба" деп аталган мунай базасы өрттөнгөн.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинанын Донбасс аймагындагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинага басып кирген. Эки айдан бери аткылоодон эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 5 миллиондон ашык украиналык өз өлкөсүн таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG